Пресс-борбор

Министрлик: ЕАЭБ өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратууда, бул Кыргызстан үчүн пайдалуу

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. ЕАЭБ бардык өлкөлөрдүн жана континенттердин кызыгуусун жаратууда. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү.
“Буга соода келишимдерге койгон колдорубуз, биримдикке кирүү ниетин билдирип жаткан өлкөлөрдүн көбөйүшү, бизге кошулуп жаткан байкоочулар далил. Соңку ирет Монголия жана БАЭ менен соода келишимдерине кол коюлду. Өткөн жылдын аягында Иран бизге байкоочу болуп кошулган”, — деди Каныбек уулу.
Ал тышкы өнөктөштөрдүн биримдикке болгон кызыгуусу тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.
“Кыргызстандын экспорттук түйүндөрүн кеңейтүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди ал.
Пресс-борбор
Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши өтөт. Талкуулана турган маселелер