БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды каржылоосун токтотууну каалайт, америкалыктар төлөгөн салыгын согушка жумшагандан тажады. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргенин РИА Новости жазды.
"Президент да, мен да Америка Украинадагы согушту каржылоосун токтотушун каалайбыз. Маселени тынчтык жол менен жөнгө салып, адам өлүмүн токтоткубуз келет. Америкалыктар бул чыр-чатакка өз акчасын, төлөгөн салыгын короткондон чарчады", — деген вице-президенти Fox News телеканалына берген маегинде.
Ошондой эле Вэнс эгерде европалыктар Америка чыгарган курал-жарактарды сатып алып Украинага беребиз дешсе, расмий Вашингтон ага каршы эмес экенин кошумчалаган. "Бирок өзүбүз каржылабайбыз", — деп баса белгилеген.