"Түндүктө" бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Түндүк" тиркемесинде бөйрөк ооруларын алдын алуу үчүн Check-up модулу ишке киргизилет.
Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин бөйрөктүн өнөкөт ооруларын аныктоо, дарылоонун системасын жакшыртуу боюнча программа даярдаган. Анда бөйрөк оорулары күчөп жатканы, маселен, 2022-жылы 2 миңден ашык адам гемодиализ алса, 2024-жылы алардын саны 3,6 миңге жеткени айтылган. Жыл сайын 10-15 пайыз өсүш байкалып, 80 пайызы оорунун акыркы стадияларында кайрылышары белгиленген.
"Профилактика жана ооруну эрте аныктоо начар болгондуктан гемодиализге жана бөйрөк алмаштырууга муктаждык өсүп жатат. Бул абдан кымбат процедуралар. Мисалы, 2024-жылы гемодиализге эле 1 миллиард 345 миллион сом бөлүнгөн. Эгер алдын алуу чаралары көрүлбөсө 2030-жылы гемодиализге муктаждардын саны 9 миңге жетип, чыгым 4 миллиард сомдон ашышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Муну токтотуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү сунушталган. Алардын арасында "Түндүк" порталында Check-up модулу ишке киргизилип, ал аркылуу суусундукту туура ичүү, тузду азайтуу, өз алдынча дарыланбоо сыяктуу кеңештер, күндөлүк жазуулар жана эскертмелер аркылуу жарандардын өзүн-өзү көзөмөлдөшүнө шарт түзүү мерчемделген.
Ошондой эле аталган долбоордо мигранттардын жана окуучулардын арасында туура тамактануу адатын жайылтуу боюнча пунктулар бар.
Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды