Президент көп аял алгандарга жаза жоопкерчилигин жойгон мыйзамды артка кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарды. Бул жөнүндө өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, эки же андан көп аял алуу үчүн жоопкерчиликке тарткан Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси күчүн жоготмок. Бирок президент көп аялдуулукту кылмыш катары кароо мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерине туура келерин айтып, каршы пикир билдирген.
"Мамлекет гендердик теңчилик жана укук үстөмдүгүн жактайт, аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, үй-бүлө институтун бекемдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзамды быйыл 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Аны депутаттар Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев демилгелеген.
Садыр Жапаров нааразычылык жараткан Жер кодексин артка кайтарды