Ташиев: Нарынга 15 млрд. сом бөлүнүп, 127 ири долбоор ишке ашууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нарынга 15 миллиард сом бөлүнүп, 127 ири долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев облуска барганда билдирди.
Аны менен кошо барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуштарды жеринен көрсөтүп, маалымат берди. Белгилүү болгондой, облуста 266 чакырым жолго асфальт төшөлүп, анын 200 чакырымы толугу менен бүткөрүлөт.
Ошондой эле Нарын шаарында муниципалдык мончо курулары айтылды. Ал бардык шарты менен салынып, кирешеси мэриянын капчыгына түшөт.
Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев Нарын районуна айыл чарба техникаларын тапшырып, аймактын айыл башчыларын таза иштөөгө чакырды.
"Баарыңарга эскертип коеюн, таза иштегиле! Колуңар туткак болсо, дүнүйөгө кызыккан адам болсоңор жумушту таштап коюп, бизнес кылгыла. Эл үчүн иштешиңер керек. Мен деле ушинтип иштеп жүрөм. Азыр Ошко учуп кетем, андан ары Таласка, анан Жалал-Абадга барам. Ал үчүн мага эч ким эч нерсе төлөбөйт. Элдин иши деп жүрөм, силер деле ошондой болушуңар керек", — деген Ташиев.
Сапар учурунда Камчыбек Ташиев Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын Президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүп, толук реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Парк жаңылангандан кийин эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, аймактын туризмдик мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Ошондой эле УКМК төрагасы Ак-Талаанын жаңы дайындалган акимине жолугуп, октябрдын башында районго барарын кошумчалады.
Нарын аэропортуна Asman Airlines компаниясынын учагы биринчи жолу конду