Пресс-борбор

Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши өтөт. Талкуулана турган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өтө турган ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинде кандай маселелер талкууланарын КР Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү.
Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында 14-15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.
Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу
Каныбек уулунун айтымында, күн тартибинде 20 маселе бар, анын төртөө тар чөйрөдө, 16сы кеңири курамда каралат. Анда бажы маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунун алкагында өлкө милдеттенмелеринин аткарылышы, жалпы атаандаштык эрежелеринин бузулушун токтотуу боюнча жылдык отчеттор, мунай жана газдын жалпы рынокторун түзүү жөнүндө баяндамалар талкууланат. Каныбек уулу өткөн жылы мамлекет башчыларынын жыйынынын жыйынтыгында мунайдын жалпы рыногу түзүлгөнүн белгиледи.
Күн тартибинде транспорт саясатын өркүндөтүү, логистиканы жана аймактардын байланышын жакшыртуу, Кытай менен темир жол аркылуу ташууларды санариптештирүү маселелери бар. Эң көп талап кылынган кесиптер боюнча квалификациялык талаптарды жакындаштыруу боюнча чараларды кароо пландаштырылууда.
ЕАЭБди 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу темасы да каралат. Быйыл беш жылдык цикл аяктайт, анын алкагында 300дөн ашык иш-чара пландалган. Алардын көпчүлүгү аткарылган же ишке ашыруу процессинде турат. Алардын айрымдары 2026–2030-жылдарга карата жаңы стратегиялык документке киргизилет.
Мындан тышкары, климаттык күн тартибин жөнгө салуу ыкмалары талкууланат. Медициналык буюмдардын жана дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүү, алардын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына карата милдеттүү талаптардын бирдиктүү принциптерин белгилөө маанилүү тема болот.
Каныбек уулу товарларды каттоо 2026-жылга чейин улуттук эрежелер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн экенин, андан кийин ЕАЭБдин бирдиктүү нормалары боюнча гана караларын кошумчалады.
ЕАЭБге Ноокаттан эки жылда 1 100 тоннадан ашык тамеки продукциясы экспорттолгон