ИИМ: Көк-Жарда жол тоскондорду мыйзамсыз жер саткан аял шыкактап, каржы бөлгөн

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Мыйзамсыз жер сатканын жашыруу үчүн жашоочуларды жол тосууга шыкактаган киши кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин Көк-Жар айылындагы 172-контурда мыйзамсыз объектилер түрттүрүлө баштаган. Жергиликтүү тургундар каршылык акциясына чыгып, жол тоскону үчүн 22 киши кармалып, бешөө камалган.
Мына ошол жол тосууга тургундарды шыкактап, акча бөлгөн делип 63 жаштагы И.Г. аттуу аял кармалды. Ал мыйзамсыз жер сатканын жашырууга далалат кылып, ушундай кадамга барганы айтылды.
Тергөөдө "жер мафиясына" тиешеси бар башка адамдар да аныкталган. Жалпы зыян 10 миллион сомдон ашканы маалым болду.
Ошондой эле Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы М.К., Көк-Жар айылынын мурдагы кызматкери, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин директору Д.Э. жана Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Көк-Жардагы түрттүрүү: саясатчылар менен депутаттар чайкоочулук кылып жатабы?