Ысык-Көлдөн дүйнөгө жаңырган комуз үнү – "Акак" ансамблинин эл аралык сынактагы жеңишинин баяны

Sputnik
Ысык-Көлдө “Рух санат" фестивалы өтүп, анын алкагында салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болду. Ага жалпы 14 өлкөдөн 82 аткаруучу жана чыгармачыл топтор катышты. Байгелүү орундарга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Индия, Түштүк Корея, Япония, Бангладеш жана кыргызстандык таланттары илинди. Дал ушул сынактын 500 миң сомдук баш байгесин "Акак" комузчулар ансамбли жеңип алды. Сынактын шарттарын жана жеңүүчүлөрдүн таржымалын "Акак" комузчулар ансамблинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси, КР Эл артисти Ирина Сүйөркулова айтып берди.