1-7-август күндөрү бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы өттү. Иш-чара калк арасында эмчек эмизүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана колдоо максатын көздөйт. Маалыматтарга караганда, өлкөдө 6 айга чейинки балдардын болгону 44 пайызы гана толук эмчек сүтү менен багылат. Эмчек сүтү баланын иммунитетин бекемдеп, оорулардан коргойт.
Ошондой эле эне менен баланын ортосундагы психологиялык байланыштын чыңдалышына өбөлгө түзөт. Эмизүүнүн деңгээли эмне үчүн төмөн бойдон калууда? Сүт жетишсиз болгон учурда энелер эмне кылышы керек? Бала эмчек эмгиси келип жатканын кантип билсек болот? Эмизүүнү кантип жана качан токтотуу керек?
Ушул жана башка суроолорго "Ачык кеп" берүүсүнүн алкагында врач акушер-гинеколог Жаркынай Мавляновадан жооп ала алдык.