БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта, Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө РФ лидери кесиптешин украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон дипломатиялык байланыштардын жүрүшү менен кабардар кылган.
Жапаров кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашканы айтылды.