Бишкек мэриясы ишкерлерди коомдук ажаткана куруу долбооруна катышууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы ишкерлерди калаага коомдук ажатканаларды куруу боюнча кызматташууга чакырды.
Мекеме заманбап инфраструктура менен жеткиликтүү салынган ажатканалар ыңгайлуу, таза жана коопсуз шаарды түзүүгө карата дагы бир кадам экенин белгилеген.

“Кызыкдар тараптар долбоорун, сүрөттөр камтылган концепциясын, ажаткананы кура турган даректи кошуп бизге жөнөтсө болот. Биз инвестициялык жана долбоордук сунуштарга, анын ичинде стандарттуу эмес жана инновациялык чечимдерге: автономдуу суу менен камсыздоо, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлаштырылган жана автоматтык тейлөө системасы камтылган бардык демилгелерге ачыкпыз”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия жер тилкелерин ижарага берүүдөн баштап, долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарда ишке ашырууга чейинки кызматташуунун ар кандай түрлөрүн карап чыгууга даяр экенин билдирди. Туруктуу иштейм деген, санитардык коопсуздук сакталган жана архитектуралык шайкештиктер менен салына турган сунуштарга артыкчылык берилет.
Бишкекте филармониянын алдындагы аялдамага заманбап электрондук табло коюлду