БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Мектепке электрондук каттоо системасында кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, ага кабыл алуу 13-августта саат 9.00дөн тарта башталат. Кошумча орундар 8-августка чейин бир да мектепке катталбагандар үчүн каралган.
Ата-эне баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесинин “Санарип документтер” бөлүгүнөн жеткиликтүү болуп жатканын текшериши керектиги эскертилди.
Министрлик кошумча орун ачыла турган мектептерди тизмектеди.