Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды. “Ушундай көрүнүктүү инсанга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшыруу мен үчүн чоң сыймык. Салижан Шарипов өлкөбүздүн сыймыгы. Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз", - деди Адылбек Касымалиев. Салижан Шарипов мындай көңүл бурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен болгон байланышты дайыма сезээрин жана өзүнүн ата-мекени менен сыймыктанарын баса белгиледи
Нарын аэропортуна Asman Airlines компаниясынын учагы техникалык текшерүү максатында алгачкы каттамын ийгиликтүү жасады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан кабарлашты.Жакын арада бул жакка коммерциялык каттамдар үзгүлтүксүз аткарыла баштай турганы белгиленди.Нарын аэропорту толук реконструкциядан өтүп, 500 чарчы метрди түзгөн аэробекет жаңы салынган. Учуп-конуу тилкеси толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлгөн.
Украина жана Европа Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусуна тоскоолдук кылат. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дэн Колдуэлл жазганын РИА Новости кабарлады. "Украина чырын улантууга кызыкдар болгон Европа менен Украинадагы күчтөр Трамп-Путин жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга, албетте, аракет кылышат", — деген ал. Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский да ушундай эле пикирин билдирген. "Зеленский Путин менен Трамптын жолугушуусун үзгүлтүккө учуратып, кандайдыр бир жалпы европалык позицияны калыптандыруу үмүтү менен жума бою Европаны кыдырып чыгат", — деп жазган Дубинский. Буга чейин 15-августта Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Аляскада жолугары белгилүү болду.
Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа секторун ээлеп алуу чечиминен улам Тель-Авив баштаган ири шаарлардагы нааразылык акцияларына миңдеген киши чыкты. Бул тууралуу Times of Israel гезитине таянуу менен РИА Новости жазды. “Ишемби күнү кечинде миңдеген адам Израилдин ири шаарларында митингге чыгып, Газаны оккупациялоодон мурда туткунда кармалып тургандар боюнча кепке келип, ок атууну токтотууну талап кылышты. Барымтадагылардын жакындары эгер план ишке ашып кетсе, туткундагы туугандары аман калбайт дешүүдө”, — деп айтылат макалада. Басылманын маалыматы боюнча, бул акыркы айларда еврей мамлекетинде өткөн эң ири акция: Тель-Авивде эле кеминде 10 миң киши чыкканы айтылууда. Митингдер ондогон шаарды камтыган. Эскерте кетсек, бейшемби күнү Нетаньяху Газа секторуна көзөмөл орнотуу ниетин билдирген. Анын айтымында, Израиль аны басып албайт, коопсуздукту камсыздап, кийин жаңы өкмөткө өткөрүп бермекчи. Россия ТИМи мындай пландын кесепети бүтүндөй регион үчүн оор келип, палестин анклавындагы кырдаалды курчутарын эскерткен.Кошумчалай кетсек, Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Газа секторунан ХАМАСтын чабуулуна туш болгон; кыймылдын огунан аскерлер да, жай тургундар да каза таап, 200 киши барымтага алынган. 1,2 миң адам көз жумган; буга жооп кылып ЦАХАЛ “Темир кылыч” операциясын баштаган;Тель-Авив Газа секторун толугу менен курчап, суу, электр кубаты, отун, азык-түлүк жана дары-дармектин ташылышы токтогон;