Таап алган документтин сүрөтүн интернетке жарыялоо үчүн административдик жоопкерчилик каралат. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Мындай норма жарандардын жеке маалыматтарынын жайылышын токтотуу жана алдамчылыкты алдын алуу максатында кабыл алынганы айтылды. Анын алкагында Lalafo платформасындагы “Табылган буюмдар бюросу” бөлүмүндө документтердин сүрөтүн жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү алынды. Агенттик жеке маалыматтарды камтыган документтерди ачык булактарга жарыялоо купуялуулуктун бузулушуна жана алдамчылыкка жол ачарын эскертет. “Эгер документ табылса, аны Калкты тейлөө борборуна, транспорт жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмдөрүнө, мамлекеттик “табылган буюмдар бюросуна” же жакынкы милиция бөлүмүнө тапшыруу зарыл”, — деп айтылат маалыматта. Мекеме кошумчалагандай, мыйзамга ылайык, жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам бузгандарга каралган айыптын көлөмү: жарандарга — 7 500 сом (кайрадан жасалса — 25 миң сом); юридикалык жактарга — 65 миң сом (кайрадан жасалса — 120 миң сом). Эгер компания жеке маалыматтарды операторлорунун реестрине каттабаган болсо, кошумча 45 миң сом айып салынат.
Кыргызстанда табигый кырсыктардын алдын алуу максатында атайын гидрометеорологиялык байкоо пункттары курулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өкүлдөрү менен жолугушуусунда маалымдалды. Ага ылайык, аталган станциялар аркылуу сел, суу ташкыны, жер көчкү жана башка кырсыктар боюнча алдын ала маалымат чогултулуп, элге эрте эскертүү берилет.Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда 9, Ошто 5 байкоо пунктунун курулушу соңуна чыгып калды. Ал эми Чүй менен Нарын облустарында 7 пункттун 80 пайызы бүткөн. Бул иштер Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында жүрүп жатат.Ошондой эле заманбап жабдуулар орнотулуп, алар менен иштөөгө атайын адистер чет өлкөдөн окутулуп келишкен.Жолугушууда тараптар мындай система табигый кырсыктарга даярдыкты күчөтүп, элдин коопсуздугун камсыз кылууга чоң жардам берерин белгилешти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөлүк номурлуу унааларды легалдаштырууну эскертет. Ведомство Абхазия жана Армения өңдүү чет өлкөлүк номурлуу унааларды айдап жүргөн айдоочуларга кайрылып, легалдаштырууну эртелетүүгө чакырды. Ошондой эле жакынкы күндөрү текшерүү иштери жүрөөрү белгиленди