БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен Германиянын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кыргызстанда 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен Германиянын жараны кармалды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Мекемеден белгилешкендей, шектүү укук коргоо жана сот органдары менен чет элдик инвестордон (учурда КР жараны) 6,2 миллион доллар опузалап же Токмок шаарындагы мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.
“Инвестордун чет өлкөлүк жарандын алдындагы финансылык милдеттенмелерин толук төлөп бергенине карабастан мыйзамсыз талап токтогон эмес”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.