БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Соттун чечимисиз жарандардын эсеби тууралуу маалыматты банктардан талап кылган норма алып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү норма Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда каралган.
“Норма башкалардын эсептерин же электрондук капчыктарын колдонгон ак ниетсиз ишкерлер менен күрөшүүгө багытталган. Ал эми ишкерлик менен алектенбегендерге тиешеси жок. Бирок коомдук талкууда бул норма сын-пикирлерди жаратып, натыйжада мыйзам долбоорунан алып салуу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге мекеме учурдагы салык мыйзамдарында банктардын салык органдарына маалымат берүү милдети каралгандыгын эскерткен. Бирок ал уюм жана ишкерлерди текшерүүгө байланыштуу болуп, жеке жактардыкы соттун чечимисиз алынбай турганын кошумчалаган.