БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып жүргөнүн айтып, ал жакты техника менен тебелебөөгө чакырды.
Ысык-Көлгө болгон сапарында өлкө башчы Каркыра жайлоосундагы эл менен жолуккан. Анда президент Каркыра эле эмес, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң-Алай сыяктуу бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, жолдорду пайда кылып салганына нааразы болгон.
"Жайлоолор такыр боло баштады. 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себилген эмес. 4-5 жылдан бери урук себүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорду камтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, урматтуу жайлоочулар, турист болобу же өзүңөрбү, жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле", — деген Садыр Жапаров.
Өлкө башчы таштанды ыргыткандарды да көзөмөлдөп, жайлоо, жайыттарды таза кармоого чакырды.