Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Путин менен Трамптын жолугушуусуна тоскоолдук кылууга аракет кылат

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Украина жана Европа Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусуна тоскоолдук кылат. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дэн Колдуэлл жазганын РИА Новости кабарлады.

"Украина чырын улантууга кызыкдар болгон Европа менен Украинадагы күчтөр Трамп-Путин жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга, албетте, аракет кылышат", — деген ал.

Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский да ушундай эле пикирин билдирген.
"Зеленский Путин менен Трамптын жолугушуусун үзгүлтүккө учуратып, кандайдыр бир жалпы европалык позицияны калыптандыруу үмүтү менен жума бою Европаны кыдырып чыгат", — деп жазган Дубинский.
Буга чейин 15-августта Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Аляскада жолугары белгилүү болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Путин менен жолугушуунун шартында Зеленский менен сүйлөшүү каралбаганын айтты