УКМК мобилдик түзүлүштөрдү каттаган системанын координтору жана ээси болуп аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. УКМК мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун координациялоочу орган катары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Документке ылайык, “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды.
Июлда президент Садыр Жапаров мобилдик телефондорду каттоо тартибин жөнөкөйлөтүп, системаны жергиликтүү операторго өткөрүп берүүнү тапшырган. Бул чечим Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумду модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, коомчулуктун нааразычылыгын төмөндөтүүгө, мобилдик түзүлүштөрдү каттоо тартибин жөнөкөйлөтүүгө жана жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталганы айтылган.
Акы төлөнөт. Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоодон өткөрүү сунушталды