БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Нарын облусунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалып, милицияга өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.
Нарын облусунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалып, милицияга өткөрүлдү
© Фото / Служба экологического и технического надзора при МПРЭТН КР
Маалыматка ылайык, рейд жүрүп, Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына караштуу Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар колго түшкөн.
“К. уулу Э. жана Ш. уулу Т. тоо кийигинин эти, уруксат кагаздары жок ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтыгы, ошондой эле үч даана балык уулоочу кайырмагы менен кармалды”, — деп айтылат маалыматта.
Колго түшкөндөр менен далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилгени кошумчаланды.