БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 11-августтан тарта Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Чүй проспектинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, реабилитацияга байланыштуу жолдун аталган тилкеси 31-августка чейин автоунаалар үчүн жабык болот.
Мындан тышкары, 12-августтан баштап Дэн Сяопин проспектинин Фучик көчөсүнөн Интергельпого чейинки бөлүгү да оңдолуп баштай турганы кошумчаланды.
Мэрия Дэн Сяопин проспектинин Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү да жасала турганын айтып, бул тилке 12-августтан 23-августка чейин жабык болорун эскертти.
Муниципалитет кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландап алууну суранып, айдоочуларды коомдук транспорт менен жүрүүгө чакырды.