АКШ, Армения жана Азербайжандын лидерлери биргелешкен декларацияга кол коюшту

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Документте Ереван менен Бакунун ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу макулдашылган.
Негизги билдирүүлөр:
Армения менен Азербайжан дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүгө жана аскердик кагылышууну токтотууга макул болушту;
Армения менен Азербайжан ок атууну толук токтотуп, бири-биринин эгемендүүлүгүн урматтоого жана сооданы жандандырууну макулдашышты;
Армениянын аймагы аркылуу өтүүчү Зангезур коридорунун бөлүгү 99 жылга америкалык компанияга өткөрүп берилет — ал “Трамп маршруту” деп аталат;
Трамп АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөлөрдү аларын билдирди.
Ошондой эле Илхам Алиев Дональд Трампты тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуш кылды.
Кочарян: Азербайжан менен макулдашуу Армениянын кызыкчылыгына туура келбейт