Министрлик уй, кой, эчки жана жылкынын экспортун чектөөнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги жарым жылга уй, кой, эчки жана жылкынын экспортун чектөөнү сунуштады.
Максаты — этке болгон баанын туруктуулугун сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
“2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикада 115,4 миң тонна эт өндүрүлгөн, бирок ички керектөөгө салыштырмалуу өндүрүш жетишсиз болуп, камсыз болуу деңгээли 79,7 пайызды түздү. Ошол эле учурда импорттун көлөмү өсүп, экспорт төмөн деңгээлде калган. Бул этке болгон ички муктаждык толук канааттандырылбай жатканын көрсөтөт. Баалардын өсүшү да кырдаалды татаалдаштырып, 2025-жылдын июль айынын аягына карата уй этинин чекене баасы килограммына 641,88 сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 110,7 сомго жогорулады. Кой этинин килограммы 658,75 сом болуп, 97,65 сомго кымбаттады. Баалардын өсүшүнө тоюттун кымбатташы, мал экспортунун көбөйүшү жана импортко көз карандылык себеп болууда”, — деп айтылат маалыматта.
Чектөөнүн реэкспортко, транзитке, ЕАЭБ мамлекеттерине ташууга, мурда берилген квоталарга (уй – 26 915, кой-эчки – 54 800, жылкы – 4 243), спорттук мелдештер үчүн жылкыларга жана мамлекеттик деңгээлдеги белектерге тиешеси жок.
1-майдан тарта Кыргызстанга сырттан жумуртка ташууга тыюу салынды