Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Айыл чарба министрлиги жарым жылга уй, кой, эчки жана жылкынын экспортун чектөөнү сунуштады. Максаты — этке болгон баанын туруктуулугун сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. “2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикада 115 миң 400 тонна эт өндүрүлгөн, бирок ички керектөөгө салыштырмалуу өндүрүш жетишсиз болуп, камсыз болуу деңгээли 79,7 пайызды түздү. Ошол эле учурда импорттун көлөмү өсүп, экспорт төмөн деңгээлде калган. Бул этке болгон ички муктаждык толук канааттандырылбай жатканын көрсөтөт. Баалардын өсүшү да кырдаалды татаалдаштырып, 2025-жылдын июль айынын аягына карата уй этинин чекене баасы килограммына 642 сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 110 сом 7 тыйынга жогорулады. Кой этинин килограммы 658,75 сом болуп, 97,65 сомго кымбаттады. Баалардын өсүшүнө тоюттун кымбатташы, мал экспортунун көбөйүшү жана импортко көз карандылык себеп болууда”, — деп айтылат маалыматта. Чектөөнүн реэкспортко, транзитке, ЕАЭБ мамлекеттерине ташууга, мурда берилген квоталарга, спорттук мелдештер үчүн жылкыларга жана мамлекеттик деңгээлдеги белектерге тиешеси жок.
Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өтүп, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Ишембиликтин алкагында эс алуу бактары, жол жээктери, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалууда. Ошондой эле, курулуш жүрүп жаткан аймактар иретке келтирилүүдө. Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-августтан 1-ноябрга чейин шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.
Балхаш көлүнүн жээгинде Казакстандагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушу башталып, аны атомдук өнөр жайдын "бестселлери" деп аташты. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды. "Росатом" жетекчиси Алексей Лихачёв жумуштун чоң бөлүгүн, болжол менен 30 пайызын Казакстан ишканаларынын жасашы пландалып жатканын билдирди.Лихачёв атомдук электр станциясынын курулушу башталган күндү тарыхый учур деп атады. Казакстандагы бул туңгуч атомдук электр станцияны Россиянын "Росатом" корпорациясы курат.
Украинанын фронтундагы абал өзгөрүп, чек ара Днепр менен өтүп калышы мүмкүн. Андай болсо Киев Россиянын аймагында калышы ыктымал. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко америкалык Time журналына билдирди. "Украинаны толугу менен жоготуп алышыңар мүмкүн, ошондон корккула. Негизи аны бөлүп деле алышы толук ыктымал, Венгрия бир бөлүгүн, Польша... Батыш Украинага көз артып араң эле турат. Ошондо кичинекей эле жери калат", — деген ал. Беларусь президентинин айтымында, тараптар сүйлөшүп, бири-бири менен элдешсе мындан ары такыр жаңжалдашпайт. Ал ошондой эле “Россия НАТО менен чатакташат” деп Батышта айтылып жаткан сөздү четке какты. Мындан тышкары, Россия лидери Владимир Путин, АКШ президенти Дональд Трамп жана Владимир Зеленский үчүн Минскиде жолугушуу уюштуруп берүүгө даяр экенин кошумчалады.