УКМК мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун координациялоочу орган катары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке ылайык, “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды. Июлда президент Садыр Жапаров мобилдик телефондорду каттоо тартибин жөнөкөйлөтүп, системаны жергиликтүү операторго өткөрүп берүүнү тапшырган. Бул чечим Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумду модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, коомчулуктун нааразычылыгын төмөндөтүүгө, мобилдик түзүлүштөрдү каттоо тартибин жөнөкөйлөтүүгө жана жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталганы айтылган.
Таап алган документтин сүрөтүн интернетке жарыялоо үчүн административдик жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Бул жарандардын жеке маалыматтардын жайылышын токтотуу жана алдамчылыктын алдын алуу максатында кабыл алынганы айтылды. Анын алкагында Lalafo платформасындагы «Табылган буюмдар бюросу» бөлүмүндөгү документтердин сүрөтүн жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү алынды. Агенттик жеке маалыматтарды камтыган документтерди ачык булактарга жарыялоо купуялуулуктун бузулушуна жана алдамчылыкка жол ачарын эскертет. “Эгер документ табылса, аны Калкты тейлөө борборуна, транспорт жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмдөрүнө, мамлекеттик «табылган буюмдар бюросуна» же жакынкы милиция бөлүмүнө тапшыруу зарыл”, — деп айтылат маалыматта. Мекеме кошумчалагандай, мыйзамга ылайык, жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам бузгандарга каралган айыптын көлөмү: жарандарга — 7 500 сом (кайрадан жасалса — 25 миң сом); юридикалык жактарга — 65 0миң сом (кайрадан жасалса — 120 миң сом). Эгер компания жеке маалыматтар операторлорунун реестрине катталбаган болсо — кошумча 45 миң сом айып салынат.
АКШнын президенти Дональд Трамп, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Документте Ереван менен Бакунун ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу макулдашылган. Негизги билдирүүлөр: Армения менен Азербайжан дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүгө жана аскердик кагылышууну токтотууга макул болушту; Армения менен Азербайжан ок атууну толук токтотуп, бири-биринин эгемендүүлүгүн урматтоого жана сооданы жандандырууну макулдашышты; Армениянын аймагы аркылуу өтүүчү Зангезур коридорунун бөлүгү 99 жылга америкалык компанияга өткөрүп берилет — ал “Трамп маршруту” деп аталат; Трамп АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөлөрдү аларын билдирди. Ошондой эле Илхам Алиев Дональд Трампты тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуш кылды.