Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин курулушун баштап берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Өлкө башчынын курулушка старт берген иш-чарадагы кебинин урунттуу учурлары: "Ала-Тоо Резорт" Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланып, Кыргызстанды бага турган курортко айланат Курорт мамлекеттин күчү менен курулуп, андан түшкөн каражат республикалык казынага түшөт Долбоор Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт Жакында Караколдон бери карай ушул жерге чейин 4 тилкелүү жол башталат Каракол аэропортунан бул жакка чейин жана кайра артты көздөй тик учактар уюштурулат Жалпы узундугу 250 чакырымга жакын лыжа трассасы курулат 4 чакырым узундуктагы заманбап аркан жолдор ишке берилет Төрт миң автоунаа токтотуучу жай, этношаарча, ден соолукту чыңдоочу борборлор, конок жайлар курулат Жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралат 5000ге жакын туруктуу жумушчу орду пайда болотУшул жылдын 15-18-июль күндөрү Жыргалаң аймагындагы жаңыдан түптөлө турган туристтик шаарча үчүн 49 жер тилкеси ачык аукцион аркылуу сатууга коюлуп, анын ичинен 14 объект өз ээлерин тапканын өлкө башчы айтты. Тоо-лыжа курорту төрт мезгилде тең иштейт. Эмдиги жылы биринчи фазасы бүткөрүлүп, декабрь айында лыжа тебүүгө мүмкүн болот.
Президент Садыр Жапаров 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тууралуу тескемеге кол койду.Ага ылайык, форум 2026-жылдын июнунда өтөт. Бул максатта уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирди."Форумдун 40 жылдыгына байланыштуу бул мурас аянтчанын маңызын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде актуалдуу глобалдык чакырыктарга жооп издөө багытында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү максатында уюштуруу комитети түзүлсүн", — деп жазылган тескемеде.Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү чыгымдары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Тоо көчүп жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда бир тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана комуникациялар министрлигинен билдиришти.Эске салсак, 24-июлда трассанын 280-281-чакырымына таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.Кɵчкү өтө чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлеринин тобу тынымсыз иштеген. Жалпысынан141 миң куб таш көчкү тазаланганы кошумчаланды.
Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, федерация каттоодон өтүп, Чолпонбай Исмаилов президенти болуп шайланды. Ал эми анын кеңешчиси болуп УКМКнын кызматкери дайындала турганы айтылды. "Акыркы мезгилде улуттук Аламан улак оюнун өткөрүүдө бирдиктүү эрежелердин жоктугунан улам командалар арасында чыр-чатактар чыгып, айрым учурларда оор жаракаттардан улам адам өлүмү катталууда. Ушуга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында Аламан улак оюнун өткөрүү боюнча жаңы жобо жана регламент иштелип чыгып, бекитилди.