10-августка карата аба ырайы

10-августка караган түнү өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 33…38, Талас аймагында 30…35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 33…38, Ысык-Көлдө 27...32, Нарын өрөөнүндө 28...33 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада 35…37, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Ата шаарында 27...29 градуска көтөрүлөт.
Садыр Жапаров жайлоолорду техника менен тебелебөөгө чакырды. Видео