БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Киев бийлигинин башчысы Россиянын көзөмөлүнө өтүп кеткен аймактарды аскердик же согуштук жол менен кайра кайтарып алууга мүмкүн эместигин мойнуна алды. Бул туурасында The Telegraph басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Зеленский кол жууган аймактарын курал менен кайтарып алууга мүмкүн болбогондон кийин дипломатиялык жол зарыл экендигин мойнуна алды", — деп айтылган макалада.
Бул жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда аймактар маселеси "маанилүү" учур экендигин, бул боюнча Москва менен Киев тирешип тура бербей, позициясынан аз да болсо артка кайтат деген үмүтү бардыгын айткан.
Чехиянын президенти Петр Павел Украина мындан ары жашап кетиши үчүн аймагынан кол жууганын мойнуна алышы керектигин белгилеген. Украина Батыштын колдоосуна карабастан "кыска убакытта жана аскеринен өтө көп айрылбай туруп" алдырган аймактарын кайтарып ала турчу абалда эмес.
Зеленский буга чейин жоготкон жерлерин Россияныкы деп тааныбай тургандыгын, аны "кызыл сызык" деп эсептээрин айткан. "Кызыл сызык" түшүнүгү — сүйлөшүүлөрдө же саясий чечимдерде басып өткөнгө болбой турган, принципиалдуу тыюу коюлган, эч кандай жагдайда же компромиссте басып өтүүгө болбой турган чек.