БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, федерация каттоодон өтүп, Чолпонбай Исмаилов президенти болуп шайланды. Ал эми анын кеңешчиси болуп УКМКнын кызматкери дайындала турганы айтылды.
"Акыркы мезгилде улуттук аламан улак оюнун өткөрүүдө бирдиктүү эрежелердин жоктугунан улам командалар арасында чыр-чатактар чыгып, айрым учурларда оор жаракаттардан улам адам өлүмү катталууда. Ушуга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында аламан улак оюнун өткөрүү боюнча жаңы жобо жана регламент иштелип чыгып, бекитилди.
Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
оюндун так эрежелерин белгилөө;
уюштуруучулар жана катышуучулар үчүн милдеттүү талаптарды киргизүү;
эрежелерди бузгандарга жазаларды күчөтүү;
коомдук тартип жана коопсуздук чараларын күчөтүү.