Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Путин менен жолугушуунун шартында Зеленский менен сүйлөшүү каралбаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Вашингтон Россия менен АКШ лидерлеринин жолугушуусу үчүн Москва менен Киев байланышта болуусу керек деген шарт койбойт. Бул тууралуу Америка президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Жок, ал (Владимир Путин — ред.) буга милдеттүү эмес", — деген өлкө башчысы.
Трамптын айтымында, аны менен Россиянын президенти да, Киев режиминин башчысы да жолугушууну көздөп жатат. Америкалык лидер жаңжалды токтотуу үчүн колунан келген аракеттин баарын көрөрүн кайталады.

Президенттердин жолугушуусу

Бейшемби күнү РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Москва менен Вашингтон жакынкы күндөрү эки өлкө лидерлери катышкан саммит өткөрүүнү макулдашканын билдирген.
Азыр тараптар камылга көрүүдө, жолугушуу болжол менен кийинки жумада өтөрү айтылды. Анткен менен даярдыкка канча күн кетери азырынчы белгисиз. Жолугушуунун өтөр жери да аныкталганы менен көпчүлүккө ачыктала элек. РФ лидери саммит өткөрүүгө БАЭ ылайыктуу экенин айтты.
Ага чейин Москвага АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф келип, Владимир Путин менен жолуккан. Тараптардын сүйлөшүүсү үч саатка созулду. Анда Украина кырдаалы жана Россия менен АКШнын стратегиялык кызматташуусунун келечеги талкууланганы айтылган.
Уиткофф жолугушууда Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу тууралуу маселени да козгогон. Бирок Москва сунушту жоопсуз калтырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада жоготулган аймактар тууралуу билдирүү жасалды