БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тууралуу тескемеге кол койду.
Ага ылайык, форум 2026-жылдын июнунда өтөт. Бул максатта уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирди.
"Улуу гуманист, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы негизделген Ысык-Көл эл аралык форуму адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн, терең ойлонулган, ачык жана айкын диалог аянтчасы болуп келген. Форумдун 40 жылдыгына байланыштуу бул мурас аянтчанын маңызын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде актуалдуу глобалдык чакырыктарга жооп издөө багытында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү максатында уюштуруу комитети түзүлсүн", — деп жазылган тескемеде.
Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү чыгымдары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнөт.