БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Окурмандар Ош облусунда жер титирегенин кабарлашты.
Жер 8:59да силкинип, Кара-Суу районунда да сезилген. Атайын порталда жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда жайгашып, күчү 4 баллга жеткени айтылган.
Расмий органдар азырынча маалымат бере элек.