Ошто Текебаевге жана Султанбековага тиешелүү имараттар буздурулууда. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Оштогу Алишер Навои атындагы эс алуу багындагы мыйзамсыз 11 коммерциялык курулуш бузулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге жана ЖК депутаты Чолпон Султанбековага тиешелүү имараттар бар.
"Мэрия эс алуу багындагы жер аянттарын кайтарып алуу боюнча соттон утуп чыккан. Эскертүүлөргө карабастан кожоюндары имараттарды бузбай келишкен. Алардын ичинен жетөө Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган. Менчик ээлеринин арасында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин да мүлктөрү бар", — деп айтылат маалыматта.
Оштун мэри үйүнө барып кеткен прокуратура кызматкери текшериле баштады