БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Украинанын фронтундагы абал өзгөрүп, чек ара Днепр менен өтүп калышы мүмкүн. Андай болсо Киев Россиянын аймагында калышы ыктымал. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко америкалык Time журналына билдирди.
"Украинаны толугу менен жоготуп алышыңар мүмкүн, ошондон корккула. Негизи аны бөлүп деле алышы толук ыктымал, Венгрия бир бөлүгүн, Польша... Батыш Украинага көз артып араң эле турат. Ошондо кичинекей эле жери калат", — деген ал.
Беларусь президентинин айтымында, тараптар сүйлөшүп, бири-бири менен элдешсе мындан ары такыр жаңжалдашпайт.
Ал ошондой эле “Россия НАТО менен чатакташат” деп Батышта айтылып жаткан сөздү четке какты. Мындан тышкары, Россия лидери Владимир Путин, АКШ президенти Дональд Трамп жана Владимир Зеленский үчүн Минскиде жолугушуу уюштуруп берүүгө даяр экенин кошумчалады.