БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жоокерлери КМШ өлкөлөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндарында алдыңкы орундарды ээлеп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Москвада 6-7-августта өткөн мушташ өнөрү боюнча финалдык мелдеште Кыргызстандын командасы экинчи орунду алды. Ал эми куралдан ок атуу боюнча финалдык мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:
1-орун — Беларусь;
2-орун — Россия;
3-орун — Кыргызстан;
4-орун — Өзбекстан;
5-орун — Казакстан;
6-орун — Тажикстан.
Ок атуу боюнча жеке мелдешке чыккан прапорщик Элдос Сарыбаев ("Скорпион") 1-орунду алса, мушташ өнөрү боюнча Кубатбек Талантбеков ("Скорпион") коло медалга ээ болгон.
Бүгүн офицердик жарыш жана самбо боюнча мелдештер өтүүдө.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлүүдө.