Тоо көчүп жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда каттам ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Тоо көчүп жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда бир тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, 24-июлда трассанын 280-281-чакырымына таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Кɵчкү өтө чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлеринин тобу тынымсыз иштеген. Жалпысынан 141 миң куб таш көчкү тазаланганы кошумчаланды.
Көк-Жардагы түрттүрүү: саясатчылар менен депутаттар чайкоочулук кылып жатабы?