БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүн Балхаш көлүнүн жээгинде Казакстандагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушу башталып, аны атомдук өнөр жайдын "бестселлери" деп аташты. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Росатом" жетекчиси Алексей Лихачёв жумуштун чоң бөлүгүн, болжол менен 30 пайызын Казакстан ишканаларынын жасашы пландалып жатканын билдирди.
Лихачёв АЭС курулушу башталган күндү тарыхый учур деп атады.
"Казакстан "Росатом" куруп жаткан республиканын алгачкы кубаттуу атомдук электр станциясы үчүн жабдуулардын, түйүндөрдүн жана агрегаттардын 30 пайызы же андан көп бөлүгү менен камсыздай алат", — деди Лихачёв.
Ал эми бул кадрлар тарыхта кала бермекчи.
Казакстандагы бул туңгуч атомдук электр станцияны Россиянын "Росатом" корпорациясы курат.