БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Үч жыл мурда чөгүп кеткен катамаран көл түбүнөн чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.
Кара-Ой айылындагы "Алтын-Көл" пансионатынын тушунан аны чыгарууга активисттер, суучулдар жана жээкте эс алып жаткандар көмөктөшкөн.
"Катамаран болжол менен үч жыл мурун чөгүп кеткен, ошол убакыттан бери көлдүн түбүндө кооптуулук жараткан абалда эле. Бул тууралуу маалыматты кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан өз демилгеси менен видеого тартып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялагандан кийин тиешелүү органдарга кабар берилген", — деп айтылат маалыматта.
Алгач милициянын моторлуу кайыгы менен катамаранды жээкке жакындатып, андан соң аркан менен сүйрөп чыгышкан.
Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматы жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, табиятты коргоого жана мындай учурларда кайдыгер болбоого чакырат.