БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Гагауз Республикасынын элдик жыйыны (жергиликтүү парламент) менен аткаруу комитети (өкмөт) аймактын башчысы Евгения Гуцулга чыккан өкүмгө нааразылыгын билдирип, тынчтык акцияларын өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эске салсак, 5-августта Кишинев райондук соту Гагауздун башчысы Евгения Гуцулду жети жылга эркинен ажыратты. Прокуратура автономиялуу республиканын башчысынан 2,4 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Тергөө бул акча "Шор" партиясын каржылоо иштеринин алкагында которулган деп эсептейт. Ал эми Гуцул муну Молдованын жалпы демократиялык системасына чыккан өкүм жана гагауз элин коркутуу деп эсептей турганын айтты. Жактоочусу өкүм боюнча 15 күндүн ичинде Кишиневдун Апелляциялык палатасына арыздана турганын билдирди.
Гагауздун өкмөтү менен парламенти Кишинев сотунун бул кадамын айыптап, сындаган резолюция кабыл алды.
"Биз Евгения Гуцулга карата соттун чыгарган өкүмүн кескин четке кагабыз жана чечим мыйзамдын, адилеттүүлүктүн алкагынан тышкары чыккан деп эсептейбиз", — деп айтылат Элдик жыйындын сайтында жарыяланган документте.
Мындан тышкары, нааразылык кампаниясын карап, жөнгө салып туруу үчүн аймактык штаб түзүү пландалууда. Ал эми жергиликтүү элге "биримдикти, тынчтыкты жана жарандык тилектештикти" сактоо чакырыгы менен кайрылуу жасалды.
Резолюциянын башка жоболору
Гагауз бийлиги Молдованын борбордук бийлигине аймакта чыгып кетчү толкундоолордун жоопкерчилигин жүктөдү. Алар Гуцулга чыккан өкүмдү "саясий жактан шыкакталган жана гагауздарга каршы" жасалган, автономиянын мыйзамдуу шайланган жетекчисин четтетүүгө багытталган кадам дешти.
Башканга (Гуцулга - ред.) кылмыш иштерди тагуу "өлкөнүн бардык оппозициясына басым жасоо" деп каралары, ал эми соттук жараян арбын мыйзам бузуулар менен өткөнү белгиленди.
Башкандын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өз учурунан мурда Гагауздун Баш мыйзамы жана Молдованын Гагауздун өзгөчө макамы каралган мыйзамы менен гана токтошу мүмкүн.
Резолюцияда Кишинёвдун аракеттери парламенттик шайлоодон мурда сөз болуп жаткан аймактын чыныгы автономиясын жоюуга багытталгандыгы, бул гагауз элине жана республиканын өзгөчө укуктук макамына түз эле кол салуу экени айтылат.
Автономия Гуцулдун өкүмүн айыптаган резолюцияны Россия, Түркия, Кытай, Индия жана АКШнын өкмөттөрүнө, ошондой эле эл аралык уюмдарга жиберет.
Евгения Гуцулду куугунтуктоо
Гагауздун башчысы 2025-жылдын 25-мартында камакка алынган. Айыптоочулардын версиясы боюнча, ал "Шор" партиясынын 2023-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн Россиядан 2019-2022-жылдар аралыгында ири суммадагы каражат алып турган. Башкан 14-апрелге чейин камакта болушу керек болчу, бирок сот бөгөт чарасын 30 суткага үй камагына өзгөрткөн. Андан кийин аны бир нече жолу узарткан.
Саясатчынын жактоочулары Гуцулдун финансылык эреже бузууларга тиешеси жок экенин, иш 28-сентябрда боло турган парламенттик шайлоого карата козголуп жатканын айтып келишет.
Кишинёв менен Гагауздун мамилеси 2023-жылы курчуп кеткен. Буга автономия башчысы шайлоосунда Гуцулдун жеңгени себеп болгон. Ал Молдова бийлиги антиконституциялык деп таанып, лидерлерине каршы ишин козголгон "Шор" партиясынын өкүлү болгон. Президент Майя Санду башканды (Гуцулду — ред.) өкмөт курамына киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон эмес. Гуцул Россия менен достук мамилелерди бекемдөөнү жактап, каршылык саясатын сындайт.
Соңку жылдары молдовалык бийлик оппозицияга болгон кысымын күчөттү. Саясатчыларга каршы кылмыш иштери козголуп, алар Россияга барганы үчүн аэропорттон кармалууда. Бийликтеги партия оппозициялык талапкерлерди шайлоого катыштырбоо үчүн "шайлоо коррупциясы менен күрөшүүгө" шылтоолоп атайын кызматтардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө аракет кылып келет. Молдовалык православ чиркөөсү дагы куугунтукка кабылууда.