БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо Резорт" (Үч-Чоку) тоо-лыжа кластеринин курулушун баштап берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчынын курулушка старт берген иш-чарадагы кебинин урунттуу учурлары:
"Ала-Тоо Резорт" Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланып, Кыргызстанды бага турган курорт болот;
курорт мамлекеттин күчү менен курулуп, андан түшкөн каражат республикалык казынага түшөт;
долбоор Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт;
жакында Караколдон бери карай ушул жерге чейин 4 тилкелүү жол башталат;
Каракол аэропортунан бул жакка чейин жана кайра артты көздөй тик учактар уюштурулат;
жалпы узундугу 250 чакырымга жакын лыжа трассасы курулат;
4 чакырым узундуктагы заманбап аркан жолдор ишке берилет;
төрт миң автоунаа токтотуучу жай, этношаарча, ден соолукту чыңдоочу борборлор, конок жайлар курулат;
жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралат;
5000ге жакын туруктуу жумуш орду пайда болот.
Ушул жылдын 15-18-июль күндөрү Жыргалаң аймагындагы жаңыдан түптөлө турган туристтик шаарча үчүн 49 жер тилкеси ачык аукцион аркылуу сатууга коюлуп, анын ичинен 14 объект өз ээлерин тапканын өлкө башчы айтты.
Тоо-лыжа курорту төрт мезгилде тең иштейт. Эмдиги жылы биринчи фазасы бүткөрүлүп, декабрь айында лыжа тебүүгө мүмкүн болот.