БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкекте эки аял 16 жаштагы кызды сойкулук кылууга мажбурлашкан. Бул тууралуу Ленин РИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул фактыны соцкызматкер ачыктап, милицияга арыз жазган. Анда Н. жана А. аттуу аялдар М.А. аттуу өспүрүмдү бир ай бою алдоо жана коркутуу жолу менен сойкулук кылууга түрткөн.
Кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири милиция кызматкерине ишти токтотуу үчүн пара сунуш берүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Бул боюнча дагы иш козголгон.
Мындан тышкары, экинчи шектүү сойкулукка тартуу кинеси боюнча камакка алынган.