Саясат таануучу: Армениянын түштүгүн тымызын тартып алганы жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Армениянын түштүк аймактарын тартып алууга аракет жасалууда, бирок бул тууралуу унчукпай жатышат. Мындай пикирин саясат талдоочу Арман Абовян билдирди.
Ал белгилегендей, Армениянын түштүгүнөн өткөн 43 чакырымга созулган жол тилкеси менен Зангезур коридорун түзүү аталган аймакка көзөмөл жоголду дегенди билдирет. Абовяндын пикиринде, бул республиканы "сириялашууга" кептеши ыктымал.
"Эл аралык мааниге ээ болушу керек болгон жолду НАТОнун талабы менен үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү көздөп жатышат. Эгемен өлкөнү Армения менен Азербайжандын чек арасында бажы жана чек ара процедураларын жүргүзө турган башка бирөө башкарышы керек", — деди саясат талдоочу.
Ал мындай абалды, мисалы, Россиянын бажы функцияларын башка өлкөгө өткөрүп бергенине салыштырып, маселени "акылга сыйбаган көрүнүш" деп сыпаттаган.
Белгилей кетсек, бүгүн Вашингтондо Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Армян өкмөтүнүн маалымат кызматы аталган жолугушуу "гүлдөп-өнүгүүгө, экономикалык кызматташтыкка жана чөлкөмдө тынчтык орнотууга" арналарын айткандан башка маалымат берген эмес. Бирок ЖМКлардын билдиришинче, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында расмий Ереван менен Баку ортосунда тынчтык келишимин түзүү ниети жөнүндө меморандумга кол коюу күтүлүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Путин менен жолугушуунун шартында Зеленский менен сүйлөшүү каралбаганын айтты