9-августка карата аба ырайы

9-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ишембиде күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 29…34, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө 25…30 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 34…36, Чолпон-Атада 25...27 градус ысыйт.
Эртең Ысык-Көл менен Нарында сел жүрүшү ыктымал