Көк бөрү оюну тыныгуудан кийин кайрадан жанданат. Жыл сайын 31-августта өтүп келген президенттин кубогу быйыл да уюштурулат. Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Андан соң оюндар убактылуу токтоп калган. Анткен менен Дене тарбия жана спорт агенттиги аталган спортко тыюу салынбай турганын билдирген. Көк бөрүдөгү өзгөрүүлөр, жаңылыктар тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев айтып берди.