“Мекеним 1+1” программасы мигранттардын ишкерлигин кантип колдойт?

Sputnik
Өлкөдө мигранттарды колдоого багытталган “Мекеним 1+1” улуттук пилоттук программасы ишке ашууда. Бул программа чет жакта жүргөн мекендештерге жана кайтып келген мигранттарга жеңилдетилген шартта мамлекеттик жана жеке салымдарды айкалыштырып, өз бизнесин баштоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ар бир катышуучу өз каражаты менен мамлекет сунуштаган грантты айкалыштырып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө пайдалана алат. Программа Баткен облусунда пилоттук негизде ишке ашып, 2024–2026-жылдар аралыгында 27 мигрантка грант берилди. Аталган программа 2022-жылы башталып, бул мүмкүнчүлүктү бүгүнкү күндө өлкө боюнча 48 мигрант пайдаланды.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин диаспора жана мекендештер менен иштөө бөлүмунүн жетектөөчү адиси Нуркали Тургуналив маалымдады.