“Кыргыз почтасы” мекемесинин “А” классындагы логистикалык борборунда жаңы автоматташтырылган сорттоо линиясы ишке кирди. Бул почта жөнөтмөлөрүнүн санын гана көбөйтпөстөн, коопсуз жана тез жеткирип берүүлөрдү аткарат. Электрондук соода жана логистикалык инфраструктура, логистикалык процесстерди консолидациялоо иши тууралуу "Кыргыз почтасы" ААКтын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова жана "Кыргыз почтасы" ААКтын почта кызматтары, ички логистика жана сапатты көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мимоза Жээнбекова маек курду.