Маданият министрлеринин ШКУдагы жыйыны — кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу

Sputnik
Кытайда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйыны болуп өттү. Жыйын мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду. Жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынынын протоколуна кол коюлуп, Чолпон-Ата шаарына "ШКУнун туристтик жана маданий борбору –2025-2026" макамын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдирди. Анын айтымында, жыйындын алкагында ал Кытайдын маданият министринин орун басары менен жолугушту. Анда тараптар музей ишмердүүлүгү боюнча кызматташууну талкуулап, театр, китепкана мекемелердин өнүгүшүндө тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашышты.