Ок-дарысы түгөнүп калган учкуч 4 500 метр бийиктен түшүп, И-16 аба кемеси менен немецтердин Heinkel He 111 бомбалагычына барып урунган. Анын ичинде төрт адамдан турган экипаж бар эле. Талалихин кандайдыр бир керемет менен тирүү калат. Кулап бара жатканда учактан секирип, 800 метр ылдый учуп барып, андан соң парашюту ачылган.
Абадан таран жасоо аскердик уставда каралган эмес. Командир мындай буйрук бере албайт эле, ал эми аскердик учкучтар өмүрүн тобокелге салчу эмес. Талалихин мындай эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры болгон. Бул сапар аман калганы менен, тилекке каршы, 1,5 айдан кийин 27-октябрда Подольскинин асманындагы салгылашта курман болот.
2014-жылы из кубарлар Москванын токоюнан Талалихин аны менен фашисттердин учагын талкалаган И-16ны тапкан.
Тарыхка кайрылсак, Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда советтик учкучтар 600дөн ашуун таран жасаган.
Таран ыкмасын пайдалангандардын арасында Советтер Союзунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиев да бар. Ал соңку күндөрүндө Ленинград фронтуна туш келип, күнүнө 30-35 жолу кан күйгөн согуш талаасына учуп чыгып турган. 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы Ил-2 менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын душмандардын май куюу үчүн токтоп турган танкаларына бурган. Ал жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "командир, акырына чейин сени менен болом. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган.
Тема боюнча: