БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Салыкты электрондук капчыктардан (O!Money, MegaPay, Элсом, МБанк ж.б.) мажбурлап өндүрүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилмекчи.
Демилгечи болгон Экономика министрлиги учурда салыкка 363 миңден ашык адам 73,4 миллиард сом карыз экенин, көйгөйдү чечүүгө мыйзамда тиешелүү механизмдер жоктугун белгилеген.
"Азыркы Салык кодексинде карызды электрондук төлөм системаларынан өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Мунун айынан көп суммадагы каражат салык көзөмөлүнөн сыртта калууда. Андан тышкары, жеке ишкерлер жана компаниялар капчыктарды пайдаланып, өз кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качып жатканы белгилүү болду", — деп жазылган негиздемеде.
Эми сунушталып жаткан жаңы жоболор:
салыкты мажбурлап өндүрүү механизмдерин кеңейтет;
электрондук капчыктардагы эсептерге да көзөмөлдү күчөтөт;
салык төлөөдөн качууну азайтат;
жарандардын жана ишкерлердин салыктык тартибин бекемдейт.
Мындай механизмдер АКШ, Германия, Франция жана Австралия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары, бул норма кабыл алынса, салыкчылар карызды толук өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, электрондук акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга өбөлгө түзүлөрү белгиленген.