RT: Киев туткундагы алмаша турган миңдей аскерин тизмеден чийди

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Киев туткундалган украиналык миң аскерин айырбаштоо тизмесинен чыгарып салды. Бул тууралуу RT басылмасы жазды.
Сайттагы айрым маалыматтар боюнча, Киев ал аскерлердин тизмесинин ордуна башка адамдарды киргизмек.
RT басылмасы жарыялаган видеороликте туткундардын бири аны алдыда эмнелер күтүп турганын билбей турганын, тагдырына баш ийгенин билдирген.

"Жубайыма, кызыма, апама, эжеме, жээниме чоң салам жолдойм. Эртерээк алар менен жолуккум келет. Баарын кучактагым келет. Аларды абдан жакшы көрөм", — деген дагы бир украиналык аскер.

РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский Киев айрым туткундарын кабыл алуудан баш тартканы үчүн Россия менен Украина ортосунда аскер алмашуунун экинчи этабы татаал болгонун, ал эми үчүнчүсү баштала электигин айткан.
Ошондой эле ал Россия аскерлерин эч качан биринчи, экинчи сорт деп бөлбөгөнүн кошумчалаган.
Мединский: Киевдин өкүлдөрү жоокерлерди алмашуу боло турган жерге келген жок